Өзбекстандын соту Кашкадарыя облусунун 40 жаштагы тургунун жалданмачылык беренеси менен төрт жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу UzNews кабарлады.
Камаши райондук сотунун өкүмүнө шилтеме менен таратылган маалыматта ал адамдын толук аты-жөнү көрсөтүлбөстөн 2015-жылы Орусиянын жараны менен никеге турганы, орус паспортун алганы айтылат. Быйыл мартта өлкөнүн сыртына чыгуу үчүн документ алам дегенде, ага аскердик каттоого туруу керектиги айтылган. Ал өзү айтып бергендей, Приморье крайындагы аскердик бөлүккө күчтөп жөнөтүлгөн. Майданга жиберишерин билип калганда эски оорусун айтып, операция жасаткан. Ооруканадан чыккандан кийин Өзбекстанга жол тартып, ал жакта Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башкармалыгына кайрылган. UzNews ал Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишимге кол койгонун жазат.
Gazeta.uz басылмасы Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына шилтеме менен 2022-жылдан бери өлкөдө чет жактардагы куралдуу жаңжалдарга жалдануу беренеси менен 338 кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Мекеме ал адамдардын диний-экстремисттик жана эл аралык террордук уюмдарга кошулганын же чет өлкөлүк аскердик түзүмдөргө жалданганын аныктаган. Кайсы жаңжалдар тууралуу кеп болгону белгисиз.
Орус армиясынын катарында канча өзбекстандык согушуп жүргөнү белгисиз. Расмий Ташкент андай маалыматтарды расмий жарыялаган эмес. Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору быйыл октябрда Өзбекстандын кеминде 2 715 жараны Украинага каршы согушканын же согушуп жүргөнүн аныктаган.
Долбоордун эсебинде, 2023-жылы Орусия тарапта 498 өзбекстандык, ал эми быйыл алгачкы алты айда дээрлик 1300 адам согушкан.
Кыргызстанда дагы Украинада орус армиясынын катарында согушкан бир нече адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Орусиянын Ростов облусу дрондордун жапырт чабуулуна кабылды. Бир катар электр зымдары үзүлүп, турак жайлар жабыркаганы кабарланды. Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 15-декабрга караган түнү украин армиясынын 146 учкучсуз аппараты атып түшүрүлдү. Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь Ростов-на-Дону шаары, Каменск, Новошахтинск, Каменский, Константиновский жана башка райондор жапырт чабуулга туш болгонун айтты. Анын сөзүнө караганда, жабыркагандар жок, бирок автоунаалар, жеке үйлөр жана айрым имараттардын терезелери сынган. Astra Телеграм-каналы жазгандай, украин армиясы Новошахтинск мунай азыктарынын заводунун филиалына сокку урууну көздөгөн болушу мүмкүн. 14-декабрдын кечинде Белгород шаарындагы “Луч” жылуулук электр борборуна (ТЭЦ) сокку урулган. Бул тууралуу “Пепел” жана Astra каналдары жазды. Белгород облусунун башчысы Вячеслав Гладков чабуулдун кесепетинен инфраструктура олуттуу зыян тартканын билдирди. Ал эми Астрахань облусунда 38 дрондун мизи кайтарылганын маалымдады. Расмий Киев Орусиянын аймагындагы соңку чабуулдар боюнча эч кандай комментарий берген жок. Адатта украин күчтөрү орус армиясына колдоо көрсөткөн мунай ишканаларын бутага алып келет. Ал арада Орусия армиясы 15-декабрга караган түнү Украинаны абадан жапырт чабуул койду. Украин Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, орус күчтөрү жалпысынан 153 дрон менен кол салган. Алардын 133ү жок кылынган. Днепропетровск облусунда орус чабуулунун кесепетинен эки адам жабыркады, инфраструктура жана транспорт ишканасы зыян тартты. Бул тууралуу облустун башчысы Владислав Гайваненко билдирди. Кийинчерээк куткаруучулар Синельников районунда чыккан өрттү өчүрүп жатышканда орус армиясы кайрадан сокку урганын маалымдашты. Анын натыйжасында куткаруучу жана ишкананын бир кызматкери жабыркап, экөө тең ооруканага жаткырылган. Расмий Москва көптөгөн далилдерге карабастан Украинадагы жарандык жайларга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик объектилерди бутага аларын айтып келет.
Жекшембиде Берлинде Украина президенти Владимир Зеленский жана АКШ президенти Дональд Трамптын чабармандары Стивен Уиткофф жана Жаред Кушнер баштаган делегациялардын жолугушуусу өттү.
Сүйлөшүүнүн башталышы боюнча жекшембинин кечинде Зеленский маалымдаган. Жолугушуунун баштапкы бөлүгүнө Германиянын канцлери Фридрих Мерц да катышкан. Тараптар Украинадагы согушту токтотуу планын талкуулоо үчүн жолугушту.
14-декабрда Кушнер менен Уиткоффтун сүйлөшүүгө келгени тууралуу dpa жана Associated Press басылмалары жазышкан. Жолугушууга Европанын бир катар өлкөсүнүн өкүлдөрү катышары айтылган эле. Буга чейин Трамп эгерде жыйынтык берсе, АКШнын өкүлдөрү Европадагы сүйлөшүүгө катышууга даяр экенин билдирген.
Зеленский Берлинге барганы тууралуу социалдык тармактарына билдирген. Анын алдында Берлинде “жакынкы күндөрү” маанилүү сүйлөшүүлөр өтөрүн, ал Трамптын өкүлдөрү менен да жолугушарын кабарлаган.
Зеленский жекшембиде журналисттерге курган маегинде Америка тарап Украинанын тынчтык келишими тууралуу соңку долбоору боюнча жооп бере электигин билдирди. Анын айтымында, азырынча НАТОнун бардык өлкөлөрү Украинаны кабыл алууга макул эмес. Ошол себептүү Киев компромисстик кадам катары уюмга кошулбай туруп, АКШ жана Европадан коопсуздук кепилдигин алууга даяр экенин белгиледи. Зеленский ошондой эле тынчтык келишимине эч бир тарап толугу менен канаттанбасын, негизги маселе тынчтык орнотулгандан кийин Орусия тараптан жаңы агрессиянын башталышына жол бербөө деди.
Мунун алдында басылмалар булактарына таянып тынчтык планынын негизги бөлүгү боюнча мунаса табылды делгени менен Орусия талап кылып жаткан Донбасстын аймактык тагдыры жана коопсуздук кепилдиги боюнча маселе ачык бойдон калып жатканын жазышты.
Кремл буга чейин Украинанын НАТОго кирбешин жана уюмдун аскерлеринин украин аймагында жүрбөшү керектигин, Донецк жана Луганск аймагын толугу менен өзүнө алууну талап кылган.
14-декабрда Орусиянын Волгоград облусунун Урюпинск шаарындагы мунай базасында дрон чабуулунан улам өрт тутанганын губернатор Андрей Бочаров билдирди.
Анын айтымында, мунай базасында дрондун калдыгы кулагандан кийин өрт чыккан. Ага жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары эвакуацияланган, жабыркагандар жок.
Astra Телеграм-каналы ачык булактарга таянуу менен Урюпинскидеги "АльфаОйл" базасында 18 резервуар бар экенин, ал мунайзатты сактап, андан кийин кардарларга жиберерин жазды. Мунай базасына 3-декабрда да дрондор менен сокку урулган.
Ярославлда "Славнефть-ЯНОС" мунайды кайра иштетүүчү заводуна кайрадан сокку урулду. 12-декабрда да дрондор аталган ишкананы бутага алган.
Краснодар крайында жергиликтүү тургундар Афипский мунай заводунун жанында жарылуулар болуп, жакын жердеги үйлөр зыян тартканын билдиришкен. Краснодар крайынын бийлиги дрон сыныктары эки жерге кулаганын, өрт өчүрүлгөнүн ырастады, жабыркагандар жок.
Тула облусундагы Щекино шаарынын тургундары 17-июлдагы чабуулдан кийин ишин токтоткон "Щекиноазот" химиялык заводунун жанында жарылуу болуп, өрт чыкканын билдиришти. Тула облусунун губернатору Дмитрий Миляев Телеграмдагы баракчасына абадан коргонуу күчтөрү аймакта 15 украиналык дронду атып түшүргөнүн, жабыркагандар жок экенин, инфраструктурага зыян келтирилбегенин кабарлады.
"Щекиноазот" метанол, капролактам, минералдык жер семирткичтер жана күкүрт кислотасын чыгарат. Заводдун карамагына Украина санкция салган "Химволокно" ишканасы да кирет.
Украинанын Exelinova+ Телеграм-каналы Орусиянын Смоленск райондук электр станциясына (жергиликтүү бийлик муну төгүндөдү) сокку урулганын жазды. "Крымский ветер" каналы аннексияланган Крымдын Жанкой шаарындагы электр көмөкчү станциясына жана Симферополдун жанындагы Битумное айылындагы мунай кампасына сокку урулганын кабарлады.
Орусиянын Коргоо министрлиги абадан коргонуу күчтөрү бир түндө Украинанын 141 дронун кармап же жок кылганын билдирди. Урюпинск шаары караган Волгоград облусу тууралуу министрликтин маалыматында айтылган эмес.
Жекшембиге караган түнү Орусия Украинага 120дан ашык дрон жана бир ракета менен сокку урганын украин аба күчтөрү 14-декабрда билдирди.
Согуш шартында тараптардын маалыматтарын ыкчам текшерүү мүмкүн эмес.
Орусиянын агрессиясына жооп иретинде Украина орус армиясын камсыздаган ишканаларды бутага алып келет.